55555553333 Догдурбек Чонтоев №6А-окуу имаратынын абалы менен таанышып, студенттер жана окутуучулар менен жолугушту — Ж.Баласагын атындагы КУУ

2024-жылдын 26-сентябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев кесиптик, педагогикалык жана эл аралык колледждер жайгашкан №6А-окуу имаратына барып, ал жердеги дарсканалар, компьютердик класстар, лабораториялар менен таанышып, окутуучулар жана студенттер менен жолугушту.

Аталган түзүмдөрдө аткарылып жаткан иштер, окуу процессинин жүрүшү жана окуу имаратындагы айрым маселелер тууралуу ректорго кесиптик колледждин директору Ардакбек Каныбек уулу, педагогикалык колледждин башчысы Мирбек Шарабидинов жана эл аралык колледждин директору Назгүл Касымбаева айтып беришти.

Кыдырууда ректорду чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов менен чарба бөлүмүнүн башчысы Алмаз Турдубаев коштоп жүрүштү.

Добавить комментарий