2023-жылдын 16-сентябрында кесиптик колледждин «Котормо иши» бөлүмүнүн студенттери Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата «Эко Деми» коомдук фонду тарабынан уюштурулган ишембиликке катышты.

Мугалимдер Эрмекбаева А.Б. жана Юсупова А.Т. менен биргеликте студенттер Аламүдүн районуна караштуу Орто-Сай айылына жакын жерде орун алган Флагштоктун тегерегиндеги таштандыларды жыйнашты. Ишембиликтин жыйынтыгында 13 кап пластик, 12 кап айнек, 15 кап ар түрдүү таштандыларды чогултушту.

Жаш муундун таштандылардын экологияга зыян келтирерине көӊүлүн буруу жана жаратылышка аярлуу мамиле жасоо багытында ишембиликке катышуу чоӊ мааниге ээ.

Добавить комментарий