Кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Назгуль Турдубаева 2023-жылдын 14-16-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Рязань областынын өкмөтү, Россия илимдер академиясынын А.М.Горький атындагы дүйнөлүк адабият институту, С.А.Есенин атындагы Разянь мамлекеттик университети жана “Радуница” эл аралык есениндик коому биргелешип уюштурган “Сергей Есенин в контексте русской культуры” аттуу эл аралык илимий конференцияга катышып келди.

Белгилүү орус акыны жана жазуучусунун 128 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш чаранын алкагында КУУнун доценти “Литературное наследие Есенина в Кыргызстане” аттуу илимий баяндама жасап, Москва, Разянь шаарларындагы жана Сергей Есенин туулуп, өскөн Константиново айылындагы акындын он чакты үй-музейлерине барды.

Добавить комментарий