Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы №23-3/2385 катынын негизинде чыгарылган КУУнун административдик чарба иштери боюнча проректору Бакытбек Айтахуновдун буйрутмасынын аткаруу максатында 2024-жылдын 21-сентябрь күнү Улуттук университеттин бардык окуу имараттарында жана жатаканаларында ишембилик өткөрүлдү.

Институттардын, факультеттердин, колледждердин студенттери түзүм жетекчилери менен биргеликте, ал эми жатаканда жашаган студенттер коменданттар менен чогуу өздөрүнө бекитилген тилкелерде тазалоо иштерин жүргүзүшүп, дарсканаларды жууп, тазалашты.

Окуу имараттары менен жатаканалардын коменданттары ишембиликке чыккан студенттер менен кызматкерлерди чарба жабдуулары менен камсыз кылышты.

Ишембиликке жалпысынан 450дөн ашуун студенттер менен окутуучулар катышты.

Добавить комментарий