2024-жылдын 23-сентябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев университеттин проректорлору, факультет декандары, институт директорлору жана башка түзүм жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Жыйындын башында ректор катышуучуларды ушундай кеңешмелерди өткөрүүнун тартиби менен тааныштырып, андан ары окуу жайдын өнүгүү стратегиясы, каржылык абалы, окумуштуулар кеңешинин курамы, түзүмдөрдөгү штаттык бирдиктер жана келерки жылда белгиленүүчү Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесин өткөрүүгө байланышкан маселелер боюнча өз пикирин билдирип, жетекчилерге тапшырмаларды берди жана ректордун катышуусундагы ар кандай жолугушууларды өткөрүүнүн, башкы имараттын артындагы спорт аянчаларын колдонуунун тартиби, окутуучулар менен студенттердин дресс-коду жана башка маселелер тууралуу оюн айтты.

Догдурбек Чонтоев жогоруда айтылган ар бир маселенин, иш чаранын “майда-чүйдөсүнө” чейин дыкат карап, олуттуу мамиле кылуу зарыл экендигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, мындай кеңешмелер ар бир аптанын башында – дүйшөмбү күндөрү өткөрүлмөй болду: бир жумада – түзүм жетекчилери менен, кийинки жумада – ректораттын аппараты менен.

Добавить комментарий