2024-жылдын 25-26-апрелинде кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн 2-курс магистранты Мустафа Арслан “Түрк дүйнөсүнө жаштардын көз карашы” аттуу илимий симпозиумга катышты.
Симпозиум Түркиянын борбору Анкара шаарында жайгашкан Хажы Байрам Вели университетинин азыркы түрк тилдери жана адабияты бөлүмү тарабынан уюштурулду. Магистрант Мустафа Арслан “Түрк тилиндеги араб тилинен кирген адамдык сапатты билдирген сөздөр” деген темада доклад жасады. Доклад бөлүмдүн ага окутуучусу Фаризат Курамаеванын жетекчилиги астында даярдалып чыкты. Докладында алгач Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети кыргыз филологиясы факультети түркология жана котормо таануу бөлүмү, магистратура багыттары тууралуу маалымат бөлүштү. Изилдөөсүндө болсо азыркы түрк тилиндеги араб тилинен өздөштүрүлгөн лексика, анын катмарлары, фонетикалык өзгөчөлүктөрү, маанилик өзгөрүүгө учураган сөздөргө токтолуп, адамдык сапатты билдирген атооч сөз түркүмдөрү жөнүндө талдоосун жаш илимпоздор менен бөлүштү. Секциядагы башка катышуучулар тема боюнча суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алган соң, секция башчысы доктор Ибрахим Атабей докладдын ийгиликтүү жасалганын баса белгилеп, сертификатка татыктуу экендигин айтты.
Симпозиумдун жабылышында жаш илимпоздорго сертификаттар берилди.
(С) Элебесова Б.Б. – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы




