2024-жылдын 22-апрелинде тарых жана чөлкөм таануу институтунун тарых, арабтаануу, музейтаануу, чөлкөм таануу жана архивтаануу багыттарынын студенттери ТжЧТИнин доценти, Кыргыз Эл Баатыры Алиясбек Алымкуловдун демилгеси жана колдоосу менен Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрына барып, Бердах атындагы Каракалпак мамлекеттик музыкалык драма театрынын Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” чыгармасынын негизинде коюлган спектаклин көрүп келишти.
Бул маданий иш чараны уюштурган Алиасбек Төлбашиевичке институттун студенттери терең ыраазычылык билдирет.
(С) Руслан кызы Нураида – тарых жана чөлкөм таануу институтунун менеджери
