2024-жылдын 12-апрелинде 6-окуу имаратындагы 7-дарсканасында “Космонавтикакүнүнө” арналган салтанаттуу кече болуп өттү. Иш чараны факультет деканы Самат Токтогонов ачып, физиктер жана космонавттар күнүн белгилөө Кыргыз эгемендүүлүгүнүн 100 жылдыгынын да туш келип жатканын баса белгиледи. Андан кийинки сөз ф.-м.и.к,, доцент Сагынтай Кадышевге берилип, ал “Физика жана электроника факультетинин 100 жылдык тарыхы жана келечеги” жөнүндө кеңири маалымат берди.
Ага окутуучу Абакир Калыбековдун жетекчилиги менен Ф(б)-1-20 группасынын “Ж.Баласагындын астрономиялык изилдөөлөрү” жөнүндө тарткан видеотасмасы көрсөтүлдү. Бул видеотасмадагы материалдардын бардыгы студенттердин чыгармачылыгы менен өздөрү жасап даярдалгандыгы келген конокторду таң калтырды.
Кеченин жүрүшүндө салтка айланып калган студенттерге стипендия берүү аземи да болуп өттү. Мында раматылык агайларыбыз ф.-м.и.к., проф. Т.Карашев жана п.и.к., проф. М.Койчумановдордун үй-бүлөсү 17 студентке аталган агайларыбыздын наамы менен сертификат жана стипендияларын тапшырышты. Улуу көчтү аркалай, салтты улантып факультеттин деканы жана кафедра башчылары да өз стипендияларын, ардак грамоталар менен кошо 10 студентке беришти. Жалпысынан 27 студент стипендия, сертификат, ардак грамоталар менен сыйланышты. Бул саамалык биздин факультетте көп жылдан бери эле жыл сайын ушул күнү өткөрүлүп келет. Бул саамалыктын негиздөөчүсү КР Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, Академик Мамбетакунов Эсенбек агайыбызга терең ыраазычылык билдиребиз! Бул биздин келечек муундарыбыз жана ошондой эле агартуу тармагында иштеп жаткан окутуучуларыбыз үчүн да чоң тарбиялык мааниси бар.
Салтанат концерттик программа менен коштолуп, келген конокторубуз да студенттерибиздин өнөрлөрүнө күбө болушуп, өз каалоо-тилектерин айтышты. Физиктердин ар тараптуу өнүгүп жатканына ыраазы болушту.
(С) Дөөлөталиева А.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, п.и.к., доцент