2024-жылдын 16-февралында КУУнун алдындагы Конфуций институту 4-окуу имаратында жана Бишкек шаарындагы №2-орто мектебинде HSK жана HSKK кытай тилинин деңгээлин аныктоо боюнча экзамен өткөрдү. Сынакка 1000ден ашык студенттер жана окуучулар катышты. Экзамендин жүрүшүндө ар түрдүү маселе чыкпашы үчүн экзамендин жооптуу мугалими алдын ала чогулуш өткөрүп, экзамен кандай шартта болот, экзамендин убакты-сааттарын ж.б маалыматтар боюнча баардык көзөмөлдөөчү мугалимдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, экзаменге аудиториялар даярдалды.

Экзамен күнү көзөмөлдөөчү мугалимдер эртең менен саат 8:00гө келишип, экзаменге келген окуучуларды алардын колундагы документтери боюнча текшерип, аудиторияларга киргизишип, экзамен ийгиликтүү өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, HSK жана HSKK кытай тилинин (жазуу жана ооз эки ) деңгээлин аныктоо боюнча экзаменин Конфуций институту ар бир окуу жылында 4 жолу, ар бир окуу семестринде 2 жолу өткөрөт. Жазуу экзаменинин жалпы 6,  оозеки экзамендин 3 деңгээли бар. Жазуу экзаменинин баштапкы деңгээли HSK 1, жогорку деңгээли HSK 6, ал эми оозеки экзаменинин 3 деңгээли бар.

(С) Абирова Алтынай – Конфуций институтунун волонтеру

Добавить комментарий