Академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор Б.Э.Канетов 6-12-февралда Россиянын Екатеринбург шаарындагы Россия Федерациясынын илимдер академиясынын Урал бөлүмүнүн Н.Н.Красовский атындагы математика жана механика институтунда өткөн Е.Г.Пыткеевдин жаркын элесине арналган эл аралык илимий конференциянын ишине катышып, “Равномерно паракомпактные отображения”, “Принципы выбора в равномерных группах” жана “О равномерно линделёфовых пространствах” аталышындагы үч баяндама жасады. Жасалган баяндамалар зор кызыгууларды жаратып, бир топ суроолор берилди. Суроолорго проф. Канетов Б.Э. так жана аргументтүү жоопторду берди.

Б.Э.Канетовдун аталган үч баяндамасын конференциянын төрагасы проф. Осипов А.В. “Труды УроРАН. Механика жана математика” журналына жарыялоого сунуштады. Конференциянын жүрүшүндө проф. Б.Э.Канетов коллаборация боюнча М.В.Ломоносов атындагы ММУнин профессорлору Е.Резниченко жана О.Сипачева менен кенен сүйлөштү.   

“Труды УроРАН. Механика жана математика” журналы рецензиялануучу, квартал сайын чыгуучу Scopus (IF=0,45) жана Web of Science базаларында жана RSCI базасында индекстелген о.э. Scopus’тагы квартили Q2 ге барабар. 2023 – жылдын декабрь айында РФ Жогорку аттестациялык комиссиясы журналды аттестациялап эң жогорку К1 категорияны ыйгарган.

(С) Бекболот Канетов – АГТЖМО кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор

Добавить комментарий