2024-жылдын 8-февралында Билим берүү жана илим министрлигинин эксперти, Ph.D. АКШ Миннесота университетинин бүтүрүүчүсү, Эл аралык “Ала-Тоо” университетинин доценти Урмат Тыналиев И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун профессордук-окутуучулар курамына “Scopus” маалымат базасында индекстелген журналдарга макала жарыялоо боюнча мазмундуу семинар өттү.
Ал эми илимий-метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Асель Шайылдаева корпоративдик почта менен иштөө, Scopus базасын Orcid менен айкалыштыруу жана Google Академияга авторлордун макаласын байланыштыруу өзгөчөлүктөрүнө токтолду.
(С) Кыдыралиева Айжан – И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин пиар-менеджери