Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун «Педагогика» багыты боюнча  «Педагогика жана психология» профилинин күндүзгү бюджеттик эмес келишимдик окуу бөлүмүнүн 2-3-курсунун студенттери 2024-жылдын 22-январынан 17-февралына чейин адаптациялык-педагогикалык жана  кесиптик-базалык практикага жөнөтүлдү.

Студенттер менен багытточу конференция уюштурулуп, кафедра башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Г.Т.Карабалаева жана кураторлор: ага окутуучу Д.А.Айтымбетова, окутуучу А.С.Аркабаевалар тарабынан практиканын максаты, студент-практиканттардын милдеттери ж.б. маселелер боюнча түшүндүрмөлөр берилип, суроо-жооп формасында маек курулуп, практиканттардын күндөлүктөрү тапшырылды.

(С) Нурбекова С.Н. – Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий