Жаңырган жыл алдында улуттук журналистикабыздын басма сөз айдыңында маанилүү окуя болду – республикада үзгүлтүксүз чыгып келе жаткан алгачкы басылмалардын бири, Ички иштер министрлигинин органы болгон “Бетме-Бет” гезити 90 жылдык мааракесин белгиледи.

Гезитти ар кайсы жылдары Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин бүтүрүүчүлөрү, мыкты журналисттер Нооманжан Аркабаев, Үсөн Полотов, Бакыт Сейитов, Нарынбек Жамангуловдор жетектеп, басылманы бүгүнкү күндүн талабына ылайык жаңы деңгээлге алып чыгышты. Бул журналисттер өз убагында тажрыйбалуу педагог, КУУнун ардактуу профессору, КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Абдыганы Халилов агайдан сабак алышкан.

Абдыганы агайдын республикада журналист кадрларды даярдоодо кошкон зор салымы эске алынып, аталган гезиттин мааракесинин алкагында ИИМдин “Бетме-Бет” гезитине 90 жыл юбилейлик медалы ыйгарылды. Сыйлыкты КРнын Ички иштер министри Улан Ниязбеков салтанат жыйынында тапшырды.

Сыйлыгыныз кут болсун, агай!

(С) Эсенкулова Элнура – «Журналистика» программасынын окутуучусу

Добавить комментарий