2023-жылдын 28-декабрь күнү математика жана информатика факультетинин деканы, КУУнун турак-жай коммиссиясынын төрагасы Изат Усенов тарбия иштери боюнча орун басары Бактияр Рахманкулов менен биргеликте №7-жатаканада болушуп, ал жерде жашаган факультет студенттеринин жашоо-тиричилиги, аларга түзүлгөн шарттар менен таанышып, жатаканада жашоо эрежелерин сактоо тууралуу сөз кылышты. Факультет деканы жаштыктын эң баалуу, кол жеткис мезгили – студенттик курак экендигин, студенттик жашоо жатаканада кызыктуу өтөөрүн белгилеп, студенттерди тартиптүүлүккө, тазалыкка, жатакананын ички эрежелерин сактоого жана коомдук иштерге активдүү катышууга чакырды.

№7-жатакананын коменданты Жакшылык кызы Асель имараттын 1-2- кабаттарында капиталдык ремонт жүрүп жатып, куруучулар оңдоп-түзөө иштерин жасоо учурунда студенттерге экзамендерди ийгиликтүү тапшырууларына эч кандай тоскоолдук болбогондугун кошумчалап айтып кетти.

Жатакананын жашоочуларынын айтымында, 1-кабаттын терезелеринин заманбап пластик терезелерге алмаштырылышы дароо эле имараттын ичине жылуулукка алып келди.

Жолугушуунун соңунда факультет жетекчилиги жатакана комендантына ийгиликтерди каалап, студенттерге санитардык-гигиеналык талаптарды сактап, кышкы сессияны ийгиликтүү тапшыруусуна тилектеш экендигин билдиришти.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий