2023-жылдын 24-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында “КУУнун Окумуштуулар кеңешинин 2022-2023-окуу жылындагы ишинин жыйынтыгы”, “2023-2024 окуу жылына жайкы кабыл алуу кампаниясынын жыйынтыгы” жана башка ар түрдүү маселелер каралды. 

Отурумдун башында ректор кворумду текшерип, күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, Окумуштуулар кеңешинин отуруму өз ишин баштады.

Алгач, Окумуштуулар кеңешинин курамы жана Билим берүүнүн отличниги, юстициянын генерал-майору Солпиев Асылбай Суранбаевич мырзага “КУУнун ардактуу профессору” наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралып, ал тууралуу Төлөбек Абдырахманов маалымат берди.

Андан кийин, “КУУнун кошумча билим берүү программаларын долбоорлоо жана иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү”, “”Жашоо үчүн билим берүү” эл аралык орус-кыргыз илимий-билим берүү долбоору жана аны каржылоонун тартиби жана шарттары жөнүндө жоболорду бекитүү”, “7-окуу имаратынын №307-аудиториясына юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, КУУнун ардактуу доктору Осмоналиев Кайрат Медетбековичтин ысымын ыйгаруу, ал эми №308-аудиториясына педагогика илимдеринин доктору, профессор, факультеттер аралык орус  тили кафедрасынын башчысы Ахметова Нурлан Алымкуловнанын ысымын ыйгаруу”, “КУУнун “Университет” пансионатынын аймагына жеңил конструкциядагы коттеджди орнотуу боюнча Осмоналиев Кайрат Медетбековичтин демилгесин колдоо” тууралуу маселелер каралып, алар тууралуу кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун директору Алайбек Шамшиев билдирүү жасады.

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн КУУнун айрым профессор-окутуучуларын Кыргыз Республикасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктарга сунуштады.

Докторлук диссертациялардын темаларын бекитүү жана илимий консультанттарды дайындоо боюнча илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев билдирүү жасаган соң, окумуштуу катчы Жаңыл Керимканова “КУУнун Окумуштуулар кеңешинин 2022-2023-окуу жылындагы ишинин жыйынтыгы” тууралуу айтып берди..

Жыйындын соңунда кабыл алуу комиссиянын жооптуу катчысы Изат Усенов “2023-2024 окуу жылына жайкы кабыл алуу кампаниясынын жыйынтыгы” боюнча отчет берди.

Добавить комментарий