?????????????????????????????????????????????????????????

2023-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайлардын эң мыкты 75 студентине президенттик стипендия тапшырды.

Алардын арасында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 7 студенти да бар:

1. Алиев Захид Бекзадаевич (юридикалык институт)

2. Баетова Айгерим Баетовна (тарых жана чөлкөм таануу институту)

3. Досалиева Алия Таалайбековна (география, экология жана туризм факультети)

4. Заирбекова Аяна Заирбековна (математика жана информатика факультети)

5. Исмаилова Каухар Кубатовна (кыргыз-европа факультети)

6. Маматова Айтурган Абдилашимовна (юридикалык институт)

7. Марсбекова Айдай Марсбековна (тарых жана чөлкөм таануу институту).

Президенттик стипендия алган студенттердин саны боюнча Улуттук университет 2-орунду ээледи. Алдыда 8 студент менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети.

Улуттук университеттин ректораты, кесиптик бирлик комитети жана жалпы жамааты президенттик стипендияга татыктуу болгон студенттерди сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга чың ден соолук, узун өмүр жана окуудагы албан-албан ийгиликтерди каалайт!

Биз силер менен сыймыктанабыз, урматтуу Захид, Айгерим, Алия, Аяна, Каухар, Айтурган жана Айдай!

Алиев Захид Бекзадаевич (юридикалык институт)

Баетова Айгерим Баетовна (тарых жана чөлкөм таануу институту)

Досалиева Алия Таалайбековна (география, экология жана туризм факультети)

Заирбекова Аяна Заирбековна (математика жана информатика факультети)

Маматова Айтурган Абдилашимовна (юридикалык институт)

Марсбекова Айдай Марсбековна (тарых жана чөлкөм таануу институту)

Добавить комментарий