2023-жылдын 21-декабрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында жаштар форуму болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин катышуусунда өткөн республикалык “Кыялымдагы Кыргызстан” аттуу жаштар форумун жаштарга жайылтуу максатында уюштурулган иш-чараны ЖССДтин директору Кадыр уулу Алмазбек ачып, Президенттин жаштарга кайрылуусунун видеосу көрсөтүлгөн соң, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев сөз сүйлөп, “Эгер өнүгүүгө салым кошкуңар келсе, баарыңарды биздин өлкөнүн, биздин элдин патриоту болууга чакырам. Жаштар – мамлекеттин стратегиялык ресурсу экенин унутпашыбыз керек”, – деп студенттерди шыктандырды.

Андан соң, студенттик өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн төрагасы Равшан Ашымов менен СӨӨБӨнүн премьер-министри Айпери Акылбек өздөрүнүн даярдаган докладдарын окушту.

Иш-чаранын соңунда Улуттук университеттин таланттуу студенттери тарабынан даярдалган чакан концерттик программа көрсөтүлдү.

(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору

Добавить комментарий