2023-жылдын 21-декабрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Конфуций институтундагы кытай тилин окуу курсунун аяктоо аземи жана мыкты студенттерге стипендия ыйгаруу аземи болуп өттү.
Жыйынды эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков ачып, Конфуций институтунун ийгиликтерин, анын окууга, билимге кошкон салымын белгилеп, студенттерди окуу курсунун аякташы жана келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.
Андан соң Кыргызстандагы кытай бирикмеси тарабынан кытай тилин мыкты окуган КУУнун 20 студентине акчалай стипендия берилди.
Аземдин экинчи бөлүгүндө Конфуций институтунун кытай тарабынан директорлору Чэн Чжигуо мырза (кытай тараптан) жана Масалбек Сулайманов (кыргыз тараптан) курста мыкты окуган студенттерди ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйлашты. Калган студенттер курска катышты деген сертификат алышты.
Кийинки кытай тили боюнча курс 2024-жылдын 20-январында башаталат. Окууга кызыкдар студенттерди, кытай тилин сүйүүчүлөрдү курска чакырабыз.
(С) Масалбек Сулайманов – Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору