2023- жылдын 11-декабрында башкы окуу имаратындагы кичи жыйындар залында улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин доценти Абдырасулова Ж. жана ага окутуучу  Мырзанаева М. тарабынан уюштурулган «Аалам алпы – Чынгыз Айтматов» аттуу адабий- музыкалык кече болуп өттү.

Иш-чарада студенттер Ч.Айтматовго арналган ырларды көркөм окуу менен, чыгармаларындагы каармандардын образдарын монологдор аркылуу ар тараптан ачып беришти. Көрүүчүлөр залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларын кастарлап окуган студентертер бар экенине дагы да болсо күбө болушту.

Белгилүү болгондой, Айтматовдун чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп, анын бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлган жана чыгармалары боюнча тартылган кинофильмдер эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына жана байгелерине татыктуу болгон.

(С) Дуйшеева Акылай – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий