Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору  Гүлжамал Жаманкулова Тажикстандын Эл аралык туризм жана ишкердик университетинин чакыруусу менен Душанбе шаарында  2026-жылдын 13-18-октябрында өткөн «Туруктуу туризм жана маданий мурас» аттуу Эл аралык форумга катышып, эл аралык илимий конференцияда баяндама жасаган. Ошондой эле университеттин студенттери менен жолугушуп,  лекцияларды окуп, ачык сабактарды өткөн.

Профессор Гүлжамал Жаманкулованын студенттерге өткөн ачык сабагы Тажикстандын массалык маалымат каражаттарында жана расмий материалдарында өзгөчө баса белгиленип, жогору бааланды.

Тажик тилиндеги расмий материалда төмөнкүдөй маанилүү учурлар белгиленген:

макалада эл аралык илимий жана билим берүүчүлүк  кызматташтыкты кеңейтүү, алдыңкы эл аралык тажрыйба алмашуу алкагында  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин доктору  Гүлжамал Жаманкулованын Тажикстандын Эл аралык туризм жана ишкердик университетинде журналистика адистигинин студенттерине жогорку деңгээлде үлгүлүү ачык сабак өткөндүгү тууралуу сөз болот. Сабакта тил менен маданияттын массалык маалымат каражаттарындагы ролу, улуттук баалуулуктарды сактоодогу медианын орду жана глобалдашуу шартында маданияттар аралык байланышты өнүктүрүү багыттары терең талдоого алынганы өзгөчө баса белгиленген.

(С) А.У.Акынбекова — кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, профессор