2023-жылдын 9-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезексиз отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында кафедра башчыларын шайлоо маселеси каралды.

Ректор кворум бар экенин текшерип, отурумдун күн тартиби бекитилген соң, каферда башчылык кызмат орундарына конкурстук шайлоо өткөрүү үчүн 5 эсептөө комиссиясы түзүлдү.

Шайлоону уюштуруу комитетинин катчысы Батма Кошбакованын айтымында, “Кут билим” гезитинин 2023-жылдын 15-сентябрдагы санына 48 кафедра башчылык кызмат ордуна конкурс жарыяланып, ал орундарга 61 талапкерден арыз түштү. Алардын документтери уюштуруу комитети тарабынан каралып, 7 талапкердин документтери комиссиядан өткөн жок жана Окумуштуулар кеңешинин отурумуна 54 талапкер сунушталды. Андан кийин 2 талапкер өзүн-өзү четтетип, жыйынтыгында, Окумуштуулар кеңешинин отурумундагы шайлоого 52 талапкер катышты.

Кафедра башчылык бош кызмат орундарына конкурстук шайлоонун жыйынтыгы окумуштуу катчы тарабынан жалпы тизме даярдалган соң расмий түрдө жарыяланат.

Добавить комментарий