2026-жылдын 16-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев КУУнун Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетине иш сапары менен барды.

Факультеттин жамааты менен болгон жолугушууда ал Улуттук университетте болуп жаткан жана келечекте пландалып жаткан долбоорлор туралуу кеңири маалымат берип, факультетти региондогу алдыңкы окуу жайлардын катарына кошуу үчүн дагы башка адистиктерди ачуу маселесин көтөрдү (мисалы, «Тоо туризми») жана ал үчүн факультетти заманбап технологиялар менен камсыз кылып, окуу имаратын кеңейтүү каралып жаткандыгын белгиледи. Профессордук-окутуучулук курамдын өкүлдөрү биринчи проректорго айрым көйгөйлөр, сунуштар жана каалоолорун айтышты.

Жолугушуунун соңунда Алайбек Шамшиев факультеттин 11 окутуучусун билим берүү системасындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, келечектеги жаш кадрларды даярдоого кошкон зор салымы үчүн «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйлады.

Иш-сапардын жүрүшүндө биринчи проректор о.э. факультеттеги ар бир дарскана, кабинет, лаборатория, китепкана, окуу-методикалык бөлүм, кафедра менен жакындан таанышып чыкты.

(С) Э.Качкынова — тарбия иштери боюнча декандын орун басары