Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде академиялык мобилдүүлүк программасы жергиликтүү жана эл аралык кызматташтыктын алкагында ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алмашуу программасынын алкагында келген студенттер менен жолугушууда билдирди.
Учурда университетке академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Россиянын Уфа илим жана технологиялар университетинен, М.К.Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинен, Казакстандын Коркыт ата атындагы Кызылорда университетинен, Шакарим университетинен (Семей шаары), ошондой эле Ош мамлекеттик университетинен, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен, Кыргыз улуттук университетинин Талас облусундагы жана Сүлүктү шаарындагы аймактык институттарынан жалпы 40 студент келишкен. Алар КУУда бир семестр бою билим алышат.
Ректор алмашуу программасынын алкагында келген студенттерге окуудагы ийгиликтерди каалап, академиялык мобилдүүлүк программасынын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, алдыдагы жылдары студенттердин ички алмашуу тажрыйбасы мындан ары активдүү өнүктүрүлөрүн билдирди. Анын айтымында, академиялык мобилдүүлүк студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, жаңы билим берүү чөйрөсүнө ыңгайлашуусуна жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Жолугушууга КУУнун биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев да катышты. Ал эл аралык академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Улуттук университет бир катар абройлуу жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты өнүктүрүп жатканын белгилеп, маданияттар аралык байланышты чыңдоо жана студенттердин университеттин коомдук-маданий жашоосу менен жакындан таанышуусу максатында бир катар иш-чаралар жана экскурсиялар да уюштуруларын билдирди.
Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Улуттук университетке келген студенттерге жаңы жетишкендиктерди жана келечектеги кесиптик жолунда чоң ийгиликтерди каалайбыз!