2023-жылдын 23-ноябрь күнү И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын доценти Апал Абдимомунова Өзбекстан Республикасынын Навои мамлекеттик педагогикалык университетинде болуп өткөн “Башталгыч билим берүүнүн глобалдык милдеттери: проблемалар, изилдөөлөр” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга онлайн катышып, “Үй-бүлөнүн экологиясынын жана жашоо стилинин мектепке чейинки балдардын ден-соолугунун абалына таасири” аттуу баяндама жасады.

Кафедранын окутуучулары Айдаралиева Алима, Есеналиева Наргиза, Кулманбетова Нина да иш чарага онлайн катышып, жалпы уюштуруучуларга жана катышуучуларга ийгилик каалашты.

(С) Абдимомунова А.О. – ф.и.к., доцент

0

Добавить комментарий