2026-жылдын 8-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Азербайжандын Хазар университетинин негиздөөчүсү, Камкордук кеңешинин төрагасы Гамлет Исаханлы баштаган делегация келди. Ардактуу конокторду КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев тосуп алды.

Делегациянын курамында Хазар университетинин Гуманитардык илимдер, билим берүү жана коомдук илимдер мектебинин деканы Милана Аббасова, Тилдер жана адабияттар кафедрасынын башчысы Дилбер Зейналова жана доцент Улви Бабасой болушту.

Бул сапар  эки окуу жайдын ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды чыңдоо, ошондой эле Баку түркологиялык курултайынын 100 жылдыгына жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына  карата уюштурулган «Түрк дүйнөсүндө азербайжан тили жана адабиятынын изилдениши – 3» аттуу эл аралык симпозиумду өткөрүүгө багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, алмашуу программаларын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен иштерди активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Аталган документтин кабыл алынышы университеттер аралык мамилелерди мындан ары чыңдоодогу жана билим берүү, илим жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп калды. 

Белгилей кетсек, Хазар университети 1991-жылдын 18-мартында Азербайжан Республикасынын Министрлер Кабинетинин №41 токтому менен түзүлүп,  окуу жай  өлкөгө эл аралык стандарттарга жооп берген жана англис тилин билген адистерди даярдоо максатында негизделген.