2026-жылдын 8-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев АКШ элчилигинин алдындагы англис тили программаларынын аймактык кеңсесинин директору Кимберли Чилмоник айым менен жолугушту.

Тараптар англис тилин окутууну өнүктүрүү, эл аралык билим берүү программалары аркылуу мугалимдерди даярдоо, ошондой эле билим берүү жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана маданияттар аралык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты.

КУУнун ректору АКШ элчилигинин алдындагы кеңсенин ишин жана англис тили программалары жаатындагы кызматташууну колдоорун билдирип, Улуттук университет менен АКШ элчилигинин кызматташтыгынын натыйжасында университет англис тили мугалимдеринин кесиптик өнүгүү программаларына катышууга мүмкүнчүлүк алаарын белгиледи.

Догдурбек Чонтоев менен Кимберли Чилмоник айым ошондой эле КУУнун аймактык институттарында англис тили программасын улантуу жана колдоо боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун аягында тараптар биргелешкен демилгелерди ишке ашырууда практикалык кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Иш-чарага АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин англис тили программасынын координатору Наталья Жуманалиева, КУУнун аймактык иштер боюнча проректору Кундузгүл Базакеева жана эл аралык кызматташтык жана мамилелер департаментинин директору Бактыбек Келдибеков катышты.