2026-жылдын 18-сентябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айгуль Закирова менен жолугушту.
Жолугушууда КУУнун Талас аймактык көп тармактуу институтунун учурдагы абалы жана мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланып, Талас облусунун туристтик потенциалын жогорулатуу, тарыхый-маданий мурастарды кеңири жайылтуу жана аймактагы туризмди өнүктүрүү багыттары боюнча пикир алмашуу болду жана Улуттук университет тарабынан сунушталган Талас облусунун Туризмди өнүктүрүү борборунун Жол картасы каралды. Тараптар бул Жол картасын ишке ашыруу аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө алдыга жылдырууга бекем негиз түзөөрүн белгилешти.
(С) Акылай Джумагулова — Карьера, жумушка орноштуруу жана кесиптик багыт берүү борборунун директору