2026-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун директору Рахат Сулайманова Россиядагы эң ири эл аралык аккредитациялык агенттик болуп саналган Кесиптик-коомдук аккредитациялоо боюнча Улуттук борбору тарабынан өткөрүлгөн Чечен мамлекеттик педагогикалык университетинин билим берүү программаларын эл аралык кесиптик-коомдук аккредитациялоого эксперттик комиссиянын төрайымы катары катышып келди.
Аккредитациялоонун алкагында тышкы эксперттик комиссия «Педагогикалык билим берүү»(44.03.01, 44.04.01), «Атайын (дефектологиялык) билим берүү» (44.03.03), «Кесиптик окутуу (тармактар боюнча)» (44.03.04), «Педагогикалык билим берүү (эки даярдоо профили менен)» (44.03.05) даярдоо багыттары боюнча билим берүү программаларынын кластеринин сапатын баалоо боюнча иштерин жүргүздү.
Тышкы эксперттик комиссия өзүн-өзү текшерүү отчету, материалдык-техникалык базасы менен таанышып, ЖОЖдун жетекчилиги жана өкүлдөрү (студенттер, бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр, окутуучулар ж.б.) менен жолугушууларды өткөрдү.
Аккредитациялоонун жүрүшүндө эксперттер «А.А.Кадыров атындагы көп профилдүү билим берүү борбору” менен таанышты. Ошондой эле аларга окуу жайдын китепканалары, демонстрациялык аянтча, Алихан Динаевдин педагогикалык чеберканасы, «Эковерситет» үзүрлүү билим берүү борбору, С.Исраилов атындагы универсалдуу педагогикалык компетенциялардын технопаркы, Кванториум, Профессионалитет, спорт аянтчасы, аудиторияларга профилдик экскурсия уюштурулду.
Аккредитациялык иштин аягында Рахат Сулайманова Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору Д.Т.Чонтоев тарабынан берилген окуу жайдын 100 жылдык тарыхы тууралуу китептерди Чечен мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору И.Б.Байхановго тапшырды. Ал өз кезегинде ыраазычылык иретинде биздин ректорго Чечен Республикасынын тарыхы тууралуу китептерди эстеликке жолдоду.
Кесиптик-коомдук аккредитациялоо боюнча Улуттук борбору тарабынан эксперттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Рахат Сулаймановага жана башка эксперттерге тышкы экспертиза жүргүзүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттары тапшырылды.
(С) А.А.Эгамбердиева — И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун директорунун илимий иштер боюнча орун басары