Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2026-жылдын 15-сентябрындагы №20-11305 тапшырмасын аткаруу максатында 2026-жылдын 19-сентябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ишембилик өткөрүлдү.
Окуу жайдын студенттери менен кызматкерлери өздөрүнө бекитилген жер тилкелеринде санитардык тазалоо иштерин жүргүзүшүп, окуу имараттарындагы дарскана, кабинеттерди иретке келтиришти.
Окуу имараттары менен жатаканалардын коменданттары ишембиликке чыккан студенттер менен кызматкерлерди керектүү чарба жабдуулары менен камсыз кылышты.