Педагогика илимдеринин доктору, доцент Ажибаева Айнура Жакшымбековна Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас аймактык көп тармактуу институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу 2026-жылдын 17-сентябрь күнү аталган институттун эмгек жамаатынын жыйынында белгилүү болду. Жаңы жетекчинин институттун коллективине КУУнун биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев тааныштырды.
Ал о.э. ага окутуучу Нукешов Султанбек Токтоназарович административдик-чарба иштери боюнча директордун орун басары болуп дайындалганын кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө окуу жайдын мындан аркы ишмердүүлүгү, алдыга коюлган максаттары жана аткарыла турган иштер тууралуу пикир алышуу болуп, Алайбек Шамшиев жаңы жетекчи менен окуу жайдын жамаатына бекем ден соолук, ийгилик жана жемиштүү эмгек каалады.
