2026-жылдын 16-сентябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин Коомдук дипломатия бөлүмүнүн билим берүү маселелери боюнча кеңешчиси Джонатан Перл мырза жана «Америкалык бурчтар» программасынын координатору Айгерим Курманалиева менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жаатындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу, ошондой эле маданияттар аралык байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Ректор АКШнын Кыргызстандагы Элчилигине билим берүү программаларын өнүктүрүүгө, техникалык колдоону кеңейтүүгө жана алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган заманбап билим берүү технологиялары үчүн ыраазычылык билдирди. Ал берилген жабдуулар студенттердин англис тилин үйрөнүүсүнө жана алган билимдерин практикада колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Тараптар о.э. КУУнун курамына кошулган аймактык институттарда буга чейин ийгиликтүү ишке ашырылып келген «Америкалык бурчтар» программасын мындан ары да улантуу жана колдоо маселелери боюнча пикир алышты.  Джонатан Перл мырза билим алуу же алмашуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө көбүрөөк билүүнү, инновациялык жана техникалык программаларга  катышууну каалаган студенттер-окутуучулар үчүн  бир катар программалар бар экенин кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки  тарап   кызматташтык мындан ары да бекемделишине кызыкдар экендиктерин билдиришти.