2026-жылдын 17–18 — июнь күндөрү Самарканд шаарында Алтай мамлекеттик университетинин «Кең Алтай» алтаистика жана түркология илимий-билим берүү борбору менен Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган «Евразиядагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий процесстер: тарыхы жана азыркы мезгил» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция Евразия мейкиндигиндеги саясий, экономикалык жана маданий процесстерди талкуулоо, ошондой эле аймактагы мамлекеттердин ортосундагы тарыхый жана заманбап байланыштарды изилдөө үчүн маанилүү аянтча болуп калды.
Илимий конференцияда «Евразия тарыхындагы археологиялык жана этнографиялык изилдөөлөр», «Евразия өлкөлөрүндөгү саясий процесстер: тарых жана бүгүнкү күн», «Евразия чөлкөмүндөгү этномаданий процесстер жана өз ара маданий мамилелер», «Евразиядагы заманбап интеграциялык процесстер», ошондой эле «Евразия тарыхы боюнча тарыхый булактарды изилдөө жана тарыхнаама» деп аталган секциялар каралган.
Иш-чарага Чехия, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана эксперттер катышууда. Аталган конференцияга Кыргызстандан Ж. Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чɵлкɵм таануу институтунун базасындагы «Кең Алтай» алтаистика жана түркология илимий-билим берүү борборунун башчысы профессор, тарых илиминин доктору Ж.О.Омурова катышып, актуалдуу илимий маселелер боюнча пикир алмашты.
(С) Шаршенбек кызы А. — чɵлкɵм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын доценти, т.и.к.