Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы маданият күндөрүнүн алкагында салтанаттуу көргөзмө өттү. Бул маданий иш-чарага Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери катышып келишти.
Сапар түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн окутуучусу Фаризат Курамаеванын жетекчилигинде уюштурулуп, студенттердин «Маданияттар аралык коммуникация» сабагында алган теориялык билимди практика жүзүндө бекемдөөгө жана коңшу элдердин маданияты менен жакындан таанышууга багытталды.
Иш-чарада Кыргызстан менен Тажикстандын маданият министирлери сөз сүйлөштү. Салтанаттуу ачылышка дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, маданий ишмерлер жана искусство сүйүүчүлөр катышты.
Экскурсия маданий көп түрдүүлүктү таанып билүү, Тажикстандык сүрөтчүлөрдүн экспозициясы менен таанышуу жана маалымат алуу жана музейдин жалпы фонду менен жакындан таанышуу максатында уюштурулган.
Студенттер Тажикстандын бай тарыхын, каада-салтын, улуттук кийимдерин жана кол өнөрчүлүгүн чагылдырган уникалдуу экспонаттарды чоң кызыгуу менен көрүштү. Муну менен катар көргөзмөнүн алкагында эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоочу заманбап жана салттуу искусствонун үлгүлөрүн көрүштү. Лингвист-студенттер музейдин негизги залдарын да кыдырып, Кыргызстандын белгилүү сүрөтчүлөрүнүн жана айкелчилеринин шедеврлери, ошондой эле музейдин жалпы баалуу экспонаттары менен кеңири тааныша алышты.
Катышуучулардын пикиринде мындай иш-чаралар башка элдердин дүйнө таанымын, тилин жана маданиятын тереңирээк түшүнүүгө көмөктөшөт. Бул сапар келечектеги лингвисттер үчүн маданияттар аралык диалогду курууда чоң тажрыйба болду.
Иш-чаранын соңунда студенттер эстеликке сүрөткө түшүшүп, алган өзгөчө таасирлери менен бөлүшүштү. Музейге болгон бул саякат жаш адистердин руханий дүйнөсүн байытууга жана эстетикалык табитинин өсүшүнө өбөлгө түздү.
(С) Бурул Элебесова — түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент






