2026-жылдын 13-майында Карьера, ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү борбору (КИОжКББ) тарабынан Түп районунун окуучулары үчүн кесипке багыт берүү иш-чарасы өткөрүлдү.
«Прогресс Түп» коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жолугушууда университеттин институттары, факультеттери, билим берүү багыттары, кабыл алуу шарттары, академиялык мобилдүүлүк программалары, эл аралык стажировкалар, студенттик жашоо, илимий мүмкүнчүлүктөр жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу багыттары тууралуу кеңири маалымат берилди. Катышуучуларга о.э. заманбап эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер жана кесип тандоонун негизги багыттары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында окуучулар университеттин окуу корпустары менен таанышып, дарсканаларды, лабораторияларды, К.Осмоналиев атындагы спорт ордосун, китепкананы жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттарды көрүштү. Бул аларга университеттеги билим берүү чөйрөсү жана студенттик жашоо тууралуу кеңири түшүнүк алууга мүмкүнчүлүк берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар мындай иш-чаралардын кесип тандоодо мааниси чоң экенин белгилешип, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.
(С) Матраимова Майрамгүл — КИОжКББ борборунун башкы адиси



