Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Сатыбекова Майрам 2026-жылдын 12-майында А.Ж.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде өткөн “Чынгыз Айтматов жана глобалдык гуманизм: маданияттар диалогу жана адамзаттын келечеги” аттуу конференцияга катышып, пленардык отурумда доклад жасады.

Анда Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы табият концепциясынын маанисине, экологиялык сабаттуулук жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарына ылайык окутуу процессинин мазмунун трансформациялоо жолдору баяндалды. Мыкты макала баяндама үчүн А.Ж.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин  I даражадагы диплому менен сыйланды.

Мындан тышкары Ош мамлекеттик университетинин жана А.Ж.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттерине конок лекцияларды окуду.

(С) Нурбекова С.Н. — ага окутуучу

Добавить комментарий