2026-жылдын 30-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чет тилдер институтунда «Чет тилдеринин заманбап инклюзивдүү жана 12 жылдык билим берүүдөгү ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция ийгиликтүү өттү.

Иш-чара билим берүү системасын модернизациялоо, инклюзивдүү чөйрөдө чет тилдерин окутуу жана 12 жылдык билим берүү моделин ишке ашыруунун актуалдуу маселелерине арналды. Конференцияны университеттин мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору, УИАнын мүчө-корреспонденти, педагогика илимдеринин доктору Назаркул Ишекеев ачып берди. Пленардык жыйында КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлү Хадича Шамбеталиева, КУУнун инвестициялар боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты Гүлбара Сыдыкова, Чет тилдер институтунун директору Кенжебай Уметов жана окумуштуулар куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.  Пленардык жыйын модерациясын Чет тилдер институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары Алтынбек Самсалиев алып барды.

Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан, ошондой эле Өзбекстан, Казакстан, Россия жана АКШдан келген 112 катышуучу катышты. Алардын катарында профессорлор, окутуучулар, жаш окумуштуулар, докторанттар, магистранттар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болду. Конференция офлайн жана онлайн форматта өткөрүлүп, анын эл аралык деңгээли жогору экени тастыкталды.

Пленардык жана секциялык жыйындарда төмөнкү маселелер кеңири талкууланды:

  • туруктуу өнүгүү максаттары жана инклюзивдик билим берүү;
  • 12 жылдык билим берүү системасында чет тилдердин орду;
  • санариптик технологиялар жана жасалма интеллектти билим берүүгө интеграциялоо;
  • көп тилдүүлүк жана маданият аралык коммуникация;
  • котормо ишиндеги улуттук баалуулуктар жана синхрондук котормонун маданияты;
  • эл аралык билим берүү программалары жана академиялык мобилдүүлүк.

Конференция беш тематикалык секция боюнча иш жүргүзүп, инновациялык окутуу ыкмалары, санариптик инструменттерди колдонуу, жасалма интеллекттин ролу жана көп маданияттуу билим берүү чөйрөсүндөгү маселелер талкууланды.

Конференциянын алкагында инклюзивдүү билим берүүнү чет тилдерди окутуунун бардык баскычтарына киргизүү, 12 жылдык модель негизинде жаңы окуу программаларын иштеп чыгуу, санариптик жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу боюнча методикалык-ченемдик базаны өркүндөтүү сунушталды. Ошондой эле илимий изилдөөлөрдү кеңейтүү, жаш окумуштууларды колдоо, педагогдордун кесиптик деңгээлин үзгүлтүксүз жогорулатуу жана эл аралык кызматташтыкты, академиялык мобилдүүлүктү активдештирүү зарылдыгы белгиленди.

Катышуучулар конференциянын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилешип, мындай эл аралык илимий иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Конференциянын резолюциясы билим берүү саясатын өнүктүрүүдө жана илимий изилдөөлөрдү багыттоодо маанилүү документ болуп калары күтүлүүдө.

(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык  иштер боюнча орун басары

Добавить комментарий