2026-жылдын 28-апрелинде Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан адабий иш-чара уюштурулду. Анын алкагында Азербайжан Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү, белгилүү жазуучу Латифе Оруждун “Сырдуу жүрүштөр” аттуу китебинин Кыргызстандагы бет ачары программасынын алкагында автор жана котормочу менен окурмандардын жолугушуусу болуп өттү.

Бул иш-чара кыргыз-азербайжан адабий байланыштарын бекемдөөдө жана түрк тектүү элдердин заманбап адабиятын жайылтууда алгылыктуу багыт катары белгилендиги маалым. Түркология жана котормо таануу бөлүмү мындай жолугушуулар аркылуу студенттерге Түрк Дүйнөсүнүн көрүнүктүү калемгерлери менен түздөн-түз баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүү аракетинде.

Жолугушууга бир катар кадырлуу коноктор катышты:

  • Кыргызстандагы Азербайжан Республикасынын Элчилигинин I.катчысы, консул мырза Шахин Январ оглу Искандеров;
  • Кыргызстандагы «Бирлик» Азербайжан диаспорасынын төрагасы Хансывар Бахшалиев;
  • КУУнун Түрк мурасы борборунун мүдүрү, юр.и.д., проф. Кайрат Осмоналиев;
  • Китепти кыргыз тилине которгон пед.и.д., проф. Кыялбек Акматов;
  • Кыргызстандын Эл аралык университетинин окутуучулары;
  • Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери.

Иш-чаранын жүрүшүндө жазуучу Латифе Оруж “Сырдуу жүрүштөр” китебиндеги философиялык ой-толгоолор, адам тагдыры жана чыгарманы жаратуу процесси тууралуу кеңири баяндама жасады.

Ошондой эле китептин котормочусу, профессор Кыялбек Акматов сөз сүйлөп, чыгарманы кыргыз тилине которуу процессине токтолду. Ал эмгектин көркөм өзгөчөлүктөрүн белгилеп, кыргыз окурмандары үчүн маанисин кеңири түшүндүрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө адабиятчылар жана котормочулар чыгарманынын көркөм баалуулугу, ошондой эле анын кыргыз тилине которулушунун маданий мааниси тууралуу пикирлерин билдиришти. Студенттер жазуучуга чыгармачылык, заманбап адабияттын абалы жана Азербайжан адабиятындагы жаңы тенденциялар боюнча суроолорун узатышты.

Иш-чаранын соңунда авторго ыраазычылык билдирилип, эстелик сүрөткө түшүү жана кол тамга алуу уюштурулду. Азербайжандык калемгердин китебинин бет ачарынын университетте өткөрүлүшү маданий байланыштарды чыңдоодогу маанилүү окуя катары белгиленди. Мындай жолугушуулар студенттердин дүйнөтаанымын кеңейтип, алардын кесиптик өсүшүнө олуттуу түрткү берери шексиз.

(С) Бурул Элебесова — Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент

Добавить комментарий