2026-жылдын 24-апрелинде Чет тилдер институтунун студенттерине Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаштарынын I Дельфи оюндарына ыктыярчы-котормочу катары активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык каттар тапшырылды.
Белгилей кетсек, Биринчи жаштар Дельфий оюндары 2026-жылдын 23-мартынан 28-мартына чейин Бишкек шаарында өткөн. Аталган ири эл аралык маданий иш-чарага бир катар мамлекеттерден жаш таланттар, өкүлдөр жана коноктор катышкан.
Студенттер иш-чаранын жүрүшүндө чет өлкөлүк конокторду жана катышуучуларды коштоп жүрүп, тилдик колдоо көрсөтүштү, ар кайсы мамлекеттердин өкүлдөрүнүн ортосундагы байланышын чыңдоого көмөк көрсөтүштү. Ошондой эле алар чет тилдерин мыкты деңгээлде билерин жана практикалык жөндөмдөрүн жогорку деңгээлде көрсөтө алышты.
Ыраазычылык каттар студенттердин жоопкерчилиги, жогорку кесипкөйлүгү жана иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө кошкон салымы үчүн тапшырылды.
Чет тилдер институтунун жетекчилиги студенттердин ийгилиги менен сыймыктанарын билдирип, мындай эл аралык иш-чаралар жаштардын кесиптик тажрыйбасын арттырууга, билим деңгээлин жогорулатууга жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
Студенттерди татыктуу сыйлыгы менен куттуктап, мындан аркы окуусуна, эмгегине жана жаңы ийгиликтерине ийгилик каалайбыз!
(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары







