2023-жылдын 11-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында “КУУнун Окумуштуулар кеңешинин 2022-2023-окуу жылындагы ишинин жыйынтыгы”, “Окумуштуулар кеңешинин 2023-2024-окуу жылындагы иш мерчемин бекитүү” жана башка ар түрдүү маселелер каралды. 

Жыйындын башында ректор кворумду текшерип, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, э.и.к., экономика жана укук программасынын доцентинин милдетин аткаруучу Венера Мусаевага “доцент” наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралды. Түзүм жетекчилери талапкер тууралуу маалымат берип, талапкердин фамилиясы жашыруун добуш берүү бюллетенине киргизилгенден кийин, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү шайланды.

Кыргызстандагы көрүнүктүү тарыхчы жана педагог Дөөлөтбек Сапаралиев менен оор атлетика боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Осмоналиевге “КУУнун ардактуу профессору” наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралган соң, фольклорчу-этногрaф, илим жана техника боюнча мамле­кеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Сулайман Кайыповдун “Фольклорчунун жарым күнү” аттуу окуу куралына Билим берүү жана илим министрлигинин грифин берүү жөнүндө сунуш киргизилип, тиешелүү чечим кабыл алынды.

Андан кийин PhD докторанттардын диссертацияларын жазууга талаптар жана коргоо процедурасынын тартибин бекитүү, орус тили кафедрасын орус тилинин теориясы жана практикасы кафедрасына кошулуу жолу менен чет тили катары кайра уюштуруу маселелери каралды.

Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бакыт Жайлообаев кыргыз филологиясы факультетинин базасында Мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборун ачуу жана анын жобосун бекитүү, о.э кыргыз филологиясы факультетинин структурасын өзгөртүү жөнүндө баяндама жасаган соӊ, бул маселе боюнча атайын коммиссия түзүлүп, аны кароо Окумуштуулар кеңешинин кийинки отурумуна жылдырылды.

Менеджмент жана бизнес институтунун директору Меримкуль Керимкулова өзү жетектеген түзүмдөгү багыттарды билим берүү программаларына өткөрүү, о.э аталган институтка э.и.д., профессор, Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Айсалкын Асанованын ысымын ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизди.

Жыйындын жүрүшүндө о.э. математика жана информатика факультетинин багыттарын билим берүү программаларына өткөрүү, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин кафедраларын жана багыттарын билим берүү программаларына өткөрүү, Окумуштуулар кеңешинин курамынан мүчөлөрдү чыгаруу, КУУнун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Отурумдун соңунда “КУУнун Окумуштуулар кеңешинин 2022-2023-окуу жылындагы ишинин жыйынтыгы” жана “Окумуштуулар кеңешинин 2023-2024-окуу жылындагы иш мерчемин бекитүү” жөнүндө маселе каралды.

Добавить комментарий