Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун «Информатика жана эсептөө техникасы» билим берүү программасынын 1-курсунун студенти Зоотбеков Ырыскелди сумо боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССР спортунун мастери Э.Э.Джамангуловдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирге катышып, 1-орунду багындырды.

Студенттин бул жетишкендиги анын спорттогу жогорку даярдыгын, максатка умтулуусун жана жеңишке болгон эркин көрсөтөт. Ошондой эле бул ийгилик университеттин студенттери окуу менен катар спорт жаатында да чоң жетишкендиктерге жетише аларын далилдейт.

Институттун жамааты Зоотбеков Ырыскелдини ийгилиги менен чын дилинен куттуктап, мындан ары да көптөгөн ийгиликтерди багындыра берүүсүн каалайт! 

(С) Джунушалиева Б.А. —  илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий