2026-жылдын 8-апрелинде Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 30 жылдык мааракесине арналган жогорку окуу жайлар аралык дебаттык мелдеш өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча көз караштарын калыптандыруу жана жаштардын коомдук-саясий процесстерге активдүү катышуусун арттыруу болду.

Аталган иш-чарага Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынан, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинен, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен студенттик командалар катышты.  Дебаттык мелдештин жүрүшүндө студенттер мамлекеттик башкаруунун актуалдуу маселелери боюнча өз ара пикир алышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана чечендик чеберчилигин көрсөтүштү. Алар өз позицияларын негиздүү аргументтер менен коргоп, жогорку деңгээлдеги аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана чечендик чеберчилигин көрсөтө алышты.

Калыстар тобу катышуучулардын мазмундуулугун, аргументациясын, логикасын жана командадык ишин баалап, жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим чыгарды:

  • 1-орун: Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы
  • 2-орун: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
  • 3-орун: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

Жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул сыяктуу иш-чаралар студенттердин сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, коомдук-саясий процесстерге болгон кызыгуусун арттырууга жана активдүү жарандык позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөт.

(С) Джапарова Г.Э. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий