2026-жылдын 9-апрелинде Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун «Педагогика» багытынын 1-курс студенттери Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын окутуучусу Аркабаева А.С. менен биргеликте студенттер Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасына барышты.
Иш-чаранын алкагында студенттер «Балалык» бөлүмүнүн башчысы Алиева Р. менен таанышып, китепкананын ишмердүүлүгү боюнча маалымат алышты. Андан соң, китепканага экскурсияга келген «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинин 3–4-класстарынын окуучулары үчүн “Жаратылыш – биздин үйүбүз” аттуу интерактивдүү тренинг өткөрүштү.
Тренинг окуучулардын маанайын көтөргөн «Муңайба» аттуу шайыр ыр менен башталып, жагымдуу атмосфера түзүлдү. Кыргызстандын керемет жаратылышы тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, андан соң түстүү презентация аркылуу төмөнкүдөй маанилүү темалар талкууланды:
- «Биздин үйдүн кооздугу»;
- «Экология деген эмне?»;
- «Биздин үйгө ким зыян келтирет?»;
- «Эң коркунучтуу конок — пластик!»;
- «Үйүбүздү кантип тазалайбыз?».
Ар бир маалымат блогунан кийин кызыктуу интерактивдүү оюндар өткөрүлүп жатты. Жаш окурмандар таштандыларды түрлөрү боюнча сорттоону үйрөнүшүп, таза дүйнөнүн сүрөттөрүн тартышты. Өзгөчө «кагаз учак» оюну окуучуларга чоң кубаныч тартуулады: алар кагаздан самолётторду учурушуп, ал самолёттордогу экологиялык суроолорго жооп берүү менен өз билимдерин сынашты.
Тренингдин эң таасирдүү учуру балдардын өз эрки менен берген убадалары болду. Окуучулар: «Мен тишимди жууганда сууну үнөмдөйм», «Мен көчөгө таштанды таштабайм» деген ниеттерин билдиришти. Студенттер кичинекей кадамдар чоң өзгөрүүлөргө алып келерин айтуу менен, балдар менен биргеликте «жакшы тилек» гүлдөрүн отургузуп, иш-чараны салтанаттуу жыйынтыкташты.
Бул тренинг келечектеги педагог-студенттер үчүн баа жеткис практикалык тажрыйба болсо, жаш окуучулар үчүн жаратылышты сүйүүгө жана коргоого багытталган чоң сабак болду.
(С) Нурбекова С.Н. — Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу