2023-жылдын 3-ноябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында физика жана электроника факультетинин 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү. Алгачкы сөз факультет деканы Самат Токтогоновго берилди. Ал факультеттин түптөлүшу, максаты, милдети, алып барылып жаткан иштер жөнүндө айтып, биринчи курстардын бул саамалыктарды андан ары улап кетишине каалоо-тилектерин билдирди.
Андан кийин, биринчи курстардын ыр, бий, логикалык оюндар, күлкү жана театрлаштырылган сценкалары катышуучуларга тартууланды.
Факультеттин окутуучулары жана жогорку курстун студенттерди да 1-курстарды куттукташып, өз номерлерин тартуулашты.
Иш чаранын жүрүшүндө 1-курстарга зачёттук китепчелер менен студенттик билеттер салтанаттуу түрдө тапшырылды.
(С) Дөөлөталиева А.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары
