2026-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү максаттарынын жана он эки жылдык мектептик билим берүү системасына өтүү концепциясын ишке ашыруу максатында Ж. Баласагын атындагы Улуттук университетинин И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институту тарабынан уюштурулуп жаткан “Келечекке кадам: 12 жылдык билим берүүдө математика” аттуу математика боюнча эл аралык олимпиаданын 1- туру ийгиликтүү аяктады.
Аталган олимпиада болочок математика мугалимдеринин кесиптик даярдыгын өркүндөтүү, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, математикалык сабаттуулугун жогорулатуу жана 12 жылдык билим берүү шартында окутуунун жаңы мазмунуна ылайык инновациялык ыкмаларды жайылтуу максатын көздөйт.
Олимпиадага Кыргыстандын жогорку окуу жайларынан, атап айтканда Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Арабаев атындагы КМУ, ОШМУ, ОШМПУ, К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, КУУнун Нарын компусунан жана Казакстандын Шакарим университетинен жалпы 66 студент катышты.
- I тур Google Forms платформасы аркылуу онлайн форматта өткөрүлүп, катышуучулар негизги математикалык сабаттуулук боюнча мисалдардын (арифметика, пайыздар, теңдемелер, маселелер, функциялар) негизинде даярдалган тапшырмаларды аткарышты. Жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон 23 студент экинчи турга жолдомо алды.
II турга өткөн студенттердин тизмеси:
1. Алиева Айгерим Абдималиковна – Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институту, 2-курс
2. Тұрымбекова Нұрай Хасенқызы — Шәкәрім университети, 3-курс
3. Ысмаилова Аида Дүйшөбаевна – ОшМПУ, 3-курс
4.Кутбидин кызы Аруке — ОшМПУ, 2-курс
5. Келдибекова Сайкал Келдибековна — И.Арабаев атындагы КМУ, 2-курс
6. Сайипжанова Зухрахон Уткирбековна – ОШМУ, 1-курс
7. Талантбек уулу Алмазбек — КУУ Нарын компусу, 1-курс
8. Асанкулова Сезим — КУУ Нарын кампусу, 1-курс
9. Койчуманов Билал — И.Арабаев атындагы КМУ, 2-курс
10. Уринбоева Айданек — ОшМУ, 2-курс
11. Бапышова Нурсулуу Замирбековна — ОшМУ, 3-курс
12. Шералиева Мухлиса Кудайназаровна — ОшМПУ, 1-курс
13. Ураимова Марзия Музаффаровна – ОшМУ, 1-курс 14. Каримбердиева Бегимай Каныбековна — И.Арабаев атындагы КМУ,2 — курс
15. Равшанбек кызы Бурулай — ОшМПУ, 3-курс
16. Абдираимова Минура – ОшМПУ, 3-курс
17. Мирбек кызы Акылай — И.Арабаев атындагы КМУ, 2-курс
18. Зиявидин кызы Мооркан — ОшМПУ, 1-курс
19. Бөдөнова Айнигар — ОшМПУ, 1- курс
20. Файзулла кызы Алтынай — Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институту, 2-курс
21. Смайылова Элиза — Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институту, 2-курс
22. Убаева Бегимай Алимбековна Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институту, 2-курс
23. Алмазбеков Феликс Алмазбекович — Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институту, 3-курс.
Олимпиаданын II туру Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде офлайн форматта өткөрүлөт. Бул баскычта катышуучулар математикалык терең анализди, чыгармачыл ой жүгүртүүнү жана практикалык педагогикалык көндүмдөрдү талап кылган тапшырмаларды аткарышат.
Олимпиаданын жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон жеңүүчүлөргө дипломдор, сертификаттар жана баалуу сыйлыктар тапшырылат.
(С) Айсулуу Эгамбердиева — директордун илимий иштери боюнча орун басары
