Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында КУУнун И.Исамидинов атындагы Педагогикалык институтунун студенттери 2026-жылдын 30-мартынан 30-апрелине чейин ОшМПУда билим алышат.

Бул аралыкта студенттер математика сабагын окутуунун заманбап методикалары менен таанышып, практикалык сабактарга катышып, өздөрүнүн кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүшүүдө.

Академиялык мобилдүүлүк программасы студенттерге башка университетте билим алып, жаңы чөйрөдө өз мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүүгө, практикалык тажрыйба топтоого жана жаңы билим алууга кеңири шарт түзөт. Мындан тышкары, программа региондор аралык достукту бекемдеп, жаңы досторду табууга жана келечектеги жумуш үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө болот.

Программанын артыкчылыктары:

  • Жаңы билим жана окутуу ыкмалары менен таанышуу;
  • Өзүн өнүктүрүү жана практикалык тажрыйба алуу;
  • Жаңы достор жана региондор аралык байланыштарды түзүү;
  • Ишенимдүүлүк жана жоопкерчиликти жогорулатуу;
  • Келечектеги карьера үчүн практикалык мүмкүнчүлүктөр.

Академиялык мобилдүүлүк — бул жөн гана билим алуу эмес, бул келечекке жасалган инвестиция жана региондор ортосундагы достуктун бекем пайдубалын түзгөн маанилүү кадам.

(С) Саадат Шерматова — академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспортоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий