2026-жылдын 1-апрель күнү И.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун ага окутуучулары М.Сейталиев, А.Айдаралиева, Ч.Касымбекова жана студенттери А.Кубатов, А.Русланбек кызы Аламүдүн районунун С.Чокморов айыл өкмөтүндөгү Мрамор орто мектебинде болушуп, 2026-2027-окуу жылына карата кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүштү.
Алар мектептин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына институт жөнүндө маалымат беришип, буклеттерди таркатышты жана кыска видеороликтерди көрсөтүштү. Пединституттун өкүлдөрү о.э. окуучулардын суроолоруна жооп беришип, аларды кесипти туура тандоого үндөштү.
Мектеп окуучулары мугалимдик кесип ар дайым ардактуу экенин белгилешип, жалпы республикалык тестирлөөнүң жыйынтыгына ылайык мугалимдик кесипке ээ болууга болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшоого аракет кылаарын тастыкташты.
(С) Сейталиев Максат — И.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун директорунун тарбия иштери боюнча орун басары