2026-жылдын 27-28-февраль күндөрү Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча чемпионаты өтүп, мелдештерге Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Башкаруу жана бизнес институтунун «Логистика» программасынын 1-курс студенти Марлен Бектенов катышты. Ал узундукка секирүү боюнча алтын медаль жеңип алып, «Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону» наамын жеңип алды.
Бул ийгилик биздин студенттин жеке жеңиши эмес, бул — анын университетибиздин жалпы спорттук кыймылынын өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы. Студенттерибиздин арасында жогорку ийгиликтерге жетишип, өзүнүн үлгүсү менен жаштарды жаңы жетишкендиктерге шыктандырган ушундай таланттуу инсандар бар экенине сыймыктанабыз.
Улуттук университетте спортту жана дене тарбияны өнүктүрүүгө жетиштүү маани берилип, ректорат заманбап спорт борборлорун түзүп, үзгүлтүксүз машыгууларды өткөрүүгө шарт түзүп, студенттердин университеттер аралык жана улуттук мелдештерге катышуусун колдоп, спортчуларыбыздын кесиптик өнүгүүсүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.
Студенттерибизди талыкпай өнүктүрүп жаткан насаатчыларга, машыктыруучуларга жана Дене тарбия жана спорт кафедрасынын жетекчилигине өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.
(C) Н.Р.Исмаилова — «Логистика» программасынын башчысы, доцент