Коомдун экологиялык маданиятын өнүктүрүү жана жаштар арасында жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу максатында тегерек стол форматындагы маданий иш-чара уюштурулду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгулуу жолу жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2026-жылдын 12-февралындагы №99-222 катына ылайык өткөрүлдү.

Иш-чара Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин А.А.Асанова атындагы Менеджмент жана бизнес институтунун окутуучулары тарабынан менеджмент багытында билим алган 1-3-курстун (МБ-1-25, МБ-2-25, МБ-3-25, МБ-4-25, ошондой эле УМСБ-1-23, ФМ-1-23 тайпаларынын) студенттери үчүн уюштурулду.

Тегерек столдун негизги темасы – «Коомдун экологиялык аң-сезимин калыптандыруунун фактору катары улуттук маданият» маселесине арналды. Маданий программада улуттук музыкалык чыгармалар, видеоматериалдар жана презентациялар көрсөтүлүп, студенттер тарабынан экология жана улуттук маданияттын өз ара байланышын ачып берген илимий жана көркөм докладдар окулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Улуттук мурас жана экологиялык аң-сезим» темасында талкуу уюштурулуп, кыргыз элинин табият менен гармонияда жашоо философиясы баса белгиленди. Кыргыз элинин салттык дүйнөтаанымында жаратылышка аяр мамиле жасоо, сууну булгабоо, жерди ыйык сактоо идеялары муундан-муунга өтүп келген баалуулуктар катары мүнөздөлдү. Өзгөчө кыргыз эпикалык мурасынын, анын ичинде улуттук руханий байлыктын символу болгон “Манас” эпосундагы экологиялык идеяларга көңүл бурулду.

Программанын практикалык бөлүгүндө студенттер тарабынан улуттук экологиялык бренд продукцияларын, анын ичинде жергиликтүү өндүрүштөгү суусундуктарды жарнамалоо боюнча акция уюштурулду. Бул демилге жаштардын жергиликтүү өндүрүштү колдоого жана экологиялык таза продукцияны жайылтууга болгон кызыгуусун жогорулатууга багытталды.

Иш-чаранын катышуучулары катары окуучулар, студенттер, окутуучулар жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү тартылды.

Тегерек столдун жыйынтыгында катышуучулар улуттук маданият менен экологиялык аң-сезимдин өз ара байланыштагы маанисин түшүнүүгө, жаратылыш ресурстарына жоопкерчиликтүү мамиле жасоонун зарылдыгын аңдоого жана экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттерди активдештирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чара коомдун руханий баалуулуктарын сактоо менен экологиялык жоопкерчиликти жогорулатууга, жаштардын экологиялык билим деңгээлин кеңейтүүгө жана туруктуу өнүгүү идеяларын жайылтууга салым кошот.

(С) Насырова Б.Б. — доцент

Добавить комментарий