2026-жылдын 13-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Корея Республикасына окууга кетип жаткан студенттер жана алардын ата-энелери менен жолугушту.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова (онлайн), Корея Республикасынын Бишкек шаарындагы билим берүү борборунун директору Жо Чану мырза, Улуттук университеттин 1985-жылкы бүтүрүүчүсү Вячеслав Хан, Кыргыз Республикасындагы корейлердин коомдук бирикмесинин штаттык вице-президенти Виктория Тигай жана студенттери окууга кетип жаткан факультеттердин декандары катышты.
Белгилей кетсек, академиялык мобилдүүлүк боюнча түзүлгөн келишимдердин негизинде КУУнун 26 студенти жазгы семестрде Түштүк Кореянын алдыңкы окуу жайлары болгон Пай Чай, Ханбат, Чонбук улуттук жана Инчеон университеттеринде окушат.
Ректор Догдурбек Чонтоев студенттерди тандоодон ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, билим берүүнүн сапатын жогорулатууда академиялык мобилдүүлүктүн мааниси зор экенин баса белгиледи жана чет жерде Кыргыз Республикасын, анын ичинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин татыктуу тааныштырып, берилген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай жаңычыл көз карашка багыттаган билимге ээ болууга чакырды.
Мындан тышкары академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашырууга КУУнун Эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменти көмөктөшүп жаткандыгы, алар чет элдик жогорку окуу жайлары менен өнөктөштүк мамилелерди активдүү өнүктүрүп, студенттердин эл аралык деңгээлде билим алуусуна, маданияттар аралык компетенцияларын бекемдөөгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жаткандыгы өзгөчө белгиленди.
Жолугушуунун соңунда катышуучулар алган билим жана тажрыйба келечекте маанилүү салым болооруна ишеним билдиришти.
Корея Республикасына окууга кетип жаткан студенттердин тизмеси
Университет Чонбук:
- Курманкулова Айназик — Корей лингвистикасы
- Шералиева Сайкал — Корей лингвистикасы
- Турдубаева Саадат — Корей лингвистикасы
- Уланова Акмаанай — Корей лингвистикасы
- Тариэлова Аяна – Информатика жана эсептөө техникасы
- Мукашева Айдана – Информатика жана эсептөө техникасы
- Чыйбылов Мурасбек – Журналистика
- Монолов Ажымурат – Туризм
- Савданбеков Дастан- Туризм
- Бейшембай уулу Нурадис — Туризм
- Нуртаева Наргиза – Биотехнология
- Асылбекова Элайым – Биотехнология
- Алтымышова Айтурган – Биотехнология
- Мелисбеков Кубатбек – Биотехнология)
- Кубанычбекова Курманжан — Программалык инженерия
- Кабылбеков Нурмухаммед — Программалык инженерия
- Бейшенова Толгонай — Лабораториялык иш
- Улукбекова Эркеайым — Лабораториялык иш
- Жумаева Айданэ – Экономика жана башкаруу
- Жапаров Азизбек – Филологиялык билим берүү
- Асекова Мээрим – Тышкы саясат.
Университет Инчеон:
- Абдылдаева Аяна — Эл аралык мамилелер
- Пак Ольга – Эл аралык мамилелер.
Университет Пай Чай:
- Барыктабасова Айчурок — Эл аралык мамилелер
- Ташматова Салтанат — Эл аралык мамилелер.
Университет Ханбат:
- Жусупова Альбина — Маалыматтык коопсуздук.