2026-жылдын 10-февралында Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан «Эл аралык эне тил» күнүнө карата «Кыргыз котормосунун айрым маселелери» аттуу семинар өткөрүлдү. Иш-чарага тилчи окумуштуу жана котормочу Абдиев Таалайбек Камбарович чакырылды.

Семинарды факультеттин деканы, ф.и.к., доц. Бактыбек Жайлообаев куттуктоо сөзү менен ачып, келе жаткан эл аралык эне тил күнү менен кесиптештерин жана студенттерди куттуктады жана кыргыз котормосу жана белгилүү котормочулук кесиптин орду тууралуу кеп козгоп, лекторго сөз берди.

Иш чаранын негизги бөлүгүндө Абдиев Т.К. кыргыз котормосунун орчундуу маселелери, алардын келип чыгуу себептери жана ошондой эле чечүүнүн жолдорунун теориялык жана практикалык негиздери боюнча кызыктуу баяндама жасады.

Лектор студенттер менен Кыргызстандагы котормонун сапаты жана аны көзөмөлдөө, жасалма интеллекттин кыргыз котормосуна тийгиизген оң жана терс таасирлери, котормочулар кетирген каталар ж.б. маселелер тууралуу ойлорун айтып өттү. Ошондой эле котормочулук кесиптин учурдагы ордуна токтолуп, болочок котормочулар, өзгөчө бөлүмдүн бүтүрүүчү курстарына өзүнүн баалуу сунуштары менен бөлүшүп, жеке котормочулук жолундагы кызыктуу окуяларды айтып берди. Студенттер котормочулук кесибине байланыштуу көптөн бери аларды ойлонтуп келген суроолорду беришти, лектор жеке тажрыйбасындагы мисалдар менен кызыктуу жоопторду ортого салып, келечекте аларга жол көрсөтө турган насаатын жана каалоо тилектерин айтты.

Студенттер менен лектордун суроо-жооп ирээтиндеги пикир алышуу аяктагандан кийин Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы ф.и.к., доц. Бурул Элебесова жыйынтыктоо сөзүн айтып, болочок котормочуларга жылуу каалоо тилектерин айтып иш чаранын уюштуруучуларына, бөлүмдүн эмгек жамаатына кесиптик, чыгармачылык ийгилик каалоо менен иш чара соңуна чыкты.

Семинардын соңунда котормочу адистигинде эмгектенип жаткан жалпы эмгек жамаатына жана котормо таануу адистигинде окуп, билим алып жаткан жаштарга кызыктуу лекция өтүп бергендиги үчүн Абдиев Таалай Камбаровичке Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректору, проф. Д.Т.Чонтоевдин атынан ыраазычылык кат тапшырылды.

(С) Бурул Элебесова — түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доц.

Добавить комментарий